КР Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаментинин Араван районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы С.Юсупова айыл аймагынын Ленин көчөсүндө мыйзамсыз курулган объектти өз эсебинен буздуруу иштерин жүргүздү. Өз билемдик менен курулган курулмалар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы ПЖ №56 жарлыгынын негизинде “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге(жол тилкесиндеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын негизинде ишке ашырылууда.