2026-жылдын 16-январында, Шаар куруу жана архитектура департаментинин техникалык кеңешмесинде шаар жана айылдарды өнүктүрүүгө байланыштуу курулуштардын деталдык пландоо долбоорлору каралды.

1. Жалпы аянты 68 га болгон аймакты куруу долбоору, №119 контурда, Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Кок-Жар айылында (I баскыч).
2. Манас шаарында М. Баатыр, Д. Малышов, Айсариева көчөлөрү жана Торговый көчөсү менен чектелген аймакты куруу долбоору.
3. Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында эс алуу борборун куруу долбоорун иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө.
4. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чок-Тал айылында жайгашкан «Mazagan Residence» туристтик комплексин куруу долбоору (күн тартиби).
5. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарында 5 кабаттуу апарт-отелди куруу долбоорун иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө.
6. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарында Советская көчөсү, 33 дарегинде коммерциялык жайлар жана СКБ менен 7 кабаттуу апартаменттик комплексти куруу долбоору.
7. Медерова көчөсү, Аламүдүн дарыясы, Л. Толстой көчөсү жана 7-Апрель көчөсү менен чектелген аймакты куруу долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү (кайрадан).
8. Киевская көчөсү, Токтогул көчөсү, Тоголок-Молдо көчөсү жана Исанов көчөсү менен чектелген кварталдарды куруу долбоору (1-этабы) (кайрадан).
9. Чүй облусунун Ленинское айылында Набережная көчөсү боюнча аймакты куруу долбоорунун мүмкүнчүлүктөрү.
10. Бишкек шаарынын түштүк зонасындагы микрорайондорду жана кварталдарды куруу долбоору.
11. Бишкек шаарында Ахунбаев, Т. Фрунзе, Гагарин жана Д. Садырбаев көчөлөрү менен чектелген аймакты куруу долбоору.