КР Мамкурулуш агенттигинин Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору З.А.Кангелдиева Райондун аймагында уруксат берилбеген объектилерди аныктоо, долбоорлоо кодекси, көрктөндүрүү жана коомдук жайларды уюштуруу боюнча аймактык бөлүм тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышуу максатында Ак-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгында иш сапарда болду.

Ошондой эле, буга чейин Ак-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан Теплоключенко айылынын Кыдыр-Аке көчөсүндөгү «Манас» сейил багына долбоор иштелип чыккан. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алдында Ак-Суу райондук администрациясы тарабынан ишке ашырылып, ачылышы үстүбүздөгү жылдын 31-августунда болот.