КР Министрлер кабинетине караштуу архитектура курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агентигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаментинин Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы, Баткен региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы,КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Баткен облустундагы адиси жана Баткен шаардык мэриясынын кызматкерлери тарабынан Баткен шаарынын И.Раззаков жана Т.Садыков көчөлөрүндө илинген, шаардын көркүн бузган, өңү өчүп, эскилиги жеткен, архитектуралык талаптарга жооп бербеген жана жөө жүргөн адамдарга кооптуу болгон 60 ашуун жарнамалар жеринде алынды.

Мындан сырткары, мыйзамсыз илинген жарнамалардын ээлерине “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын жана “ Жарнама жөнүндөгү” мыйзам талаптарына ылайык келтирүү боюнча эскертүүлөр берилди.