2025-жылдын 9-апрелинде өткөн Баткен шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында Баткен шаарынын Башкы планы каралып, бекитилди. Жыйында шаардык кеңештин депутаттары, Баткен шаарынын мэри, мэрия өкүлдөрү, ошондой эле архитектура жана шаар куруу тармагындагы адистер катышты.
Талкууга шаар куруу жана архитектура департаментинин директорунун орун басары Самат Иштыбаев жана Баткен облусунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Нурсултан Сатыбалдиев катышышты.
Шаардын Башкы планы шаар инфраструктурасын, турак жай курулушун, транспорттук системаны жана башка негизги шаардык чөйрөлөрдү өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктайт. Бул документ Баткен шаарынын жакынкы ондогон жылдардагы туруктуу жана тең салмактуу өнүгүүсүнүн негизин түзөт.