Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Баткен шаар мэриясына борбордук стадион аймагында жайгашкан сейил бакты жаңылоо боюнча эскиздик долбоор сунушталды. Сейил бактын эскилиги жеткендигинен улам, жаңы долбоор шаардыктардын жана коноктордун керектөөлөрүнө ылайыкташтырылып иштелип чыккан.

Эскиздик долбоордун негизги өзгөчөлүктөрү катары 100дөн ашуун унаа токтотуучу жайы, жүрүүчүлөр үчүн кеңейтилип түзүлгөн жолдор жана жашылдандыруу аймактары камтылган. Бул долбоор Баткен шаарын жандандырып, шаардык инфраструктуранын жаңы деңгээлге көтөрүлүшүнө чоң салым кошоору күтүлүүдө.