КР Мамкурулуш агенттигине караштуу Шаар куруу жана Архитектура департаментинин Кочкор райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан, Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагынын Кара-Суу айылынын Көл-Үкөк чөлкөмүнө туристтик комплексинин эскиздик долбоору иштелип чыкты.
Бул долбоор туристтик инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана аймактын экономикалык потенциалын жогорулатууга багытталган. Комплекс, өлкөнүн уникалдуу табигый кооздугун жана маданий мурасын көрсөтүү менен, туристтердин агымын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Долбоордун алкагында, келечектеги туристтик комплекс көп функционалдуу жайлар, конок үйлөрү, ресторандар жана эс алуучу жайларды камтыйт. Мындан тышкары, экотуризм, спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн шарттар түзүлөт.
Кочкор районунун туризмди өнүктүрүү боюнча иши аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, жергиликтүү калк үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү жана экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу максатында жүрүп жатат.
Келечекте туристтик комплекс айылдын жашоочуларына, туристтерге жана жергиликтүү бизнеске жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.
Биз, Кочкор райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы, жергиликтүү коомчулукту жана бардык кызыкдар тараптарды долбоорго активдүү катышууга чакырабыз