КР Мамкурулуш агенттигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинде кезектеги техникалык кеңешме болуп өттү.

Аталган техникалык кеңешмеде төмөнкү суроолор каралды:

Куренкеев, Абдрахманов жана Усенбаев көчөлөрү менен чектешкен аймакты өнүктүрүү долбоору. (1-этап).

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айыл өкмөтүнүн Зарбалик айылынын башкы планы.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айыл өкмөтүнүн Большевик айылынын башкы планы.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айыл өкмөтүнүн Агартуу айылынын башкы планы.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айыл өкмөтүнүн Маданият айылынын башкы планы.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сарай айылынын башкы планы.

Кеңешменин мүчөлөрү тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн башкы пландар дыкат каралып, башкы пландар алдыга долбоорлого жөнөтүлсө, кээ бири кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү.