КР Мамкурулуш агенттигинин Шаар куруу жана архитектура департаментине караштуу Мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан иштерил чыккан башкы пландык долбоорлор аталган институттун техникалык кеңешмесинде каралды.
Аталаган техникалык кеңешмеде төмөнкү маселелер каралды:
- Ош шаарынын Турсунбаев көчөлөрү, долбоордук жолу, Як-Калик каналы жана жергиликтүү өтмөктөр менен чектелген аймакты СКБ объектилери менен 9-16 кабаттуу турак жайларды жайгаштыруу үчүн өнүктүрүү долбоору.
- Бишкек шаарынын Ю.Фучик көчөсүн бойлото автобекет, базар жана турак жай зонасын жайгаштыруу менен көп функционалдуу шаарчаны өнүктүрүү долбоору.
- Бишкек шаарынын Волкова көчөсү менен Кустанайская көчөсүнүн кесилишиндеги аймакты өнүктүрүү долбоору (1-этап).
- Бишкек шаарынын Медерова, Шукурова, Суванбердиева жана Юнусалиев пр. көчөлөрү менен чектелген аймакты өнүктүрүү долбоору (1-этап).
- Башкы пландарды кароо: Бирдик айылы, Хунчи айылы – Ысык-Ата районундагы Кочкорбаев айыл өкмөтү, Искра айылы, Арал айылы – Чүй облусунун Чүй районундагы Биримдик айыл өкмөтү.
- Башкы пландарды кароо: Кара-Суу айылы, Казыбек айылы, Терек-Суу айылы, Баш-Кайыңды айылы, Бирлик айылы, Биринчи Май айылы, Талды-Суу айылы – Нарын облусунун Ат-Башы району.
- Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Төш айылынын башкы планын кароо.
Техникалык кеңешменин жыйынтыгында иштелип чыккан башкы пландык долбоорлор боюнча кеңешменин мүчөлөрү тарабынан сын пикирлер айтылып, андан ары долбоорлоого сунуштар менен жактырылды.