Учурда Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Айтматов райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан борбордук парктын эскиздик долбоору иштелип бүттү.
Долбоордун негизинде төмөнкү иштер аткарылат:
• Эскилиги жеткен бак-дарактар алынып, алардын ордуна ийне жалбырактуу карагайлар, ак кайың жана дуб көчөттөрү отургузулат. Ошондой эле экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу максатында тамчылатып сугаруу системасы орнотулат.
• Парктын архитектуралык келбетин жакшыртуу үчүн бардык кичи соода түйүндөрү заманбап бирдиктүү үлгүдө курулат.
• Коопсуз жана заманбап балдар ойноочу зоналары кошулат.
• Парк ичиндеги жолдорго таман таш төшөлүп, жарыктандыруу тутуму жаңыртылат.
Бул долбоордун ишке ашышы менен борбордук парк жашоочулар үчүн заманбап, эстетикалык жана ыңгайлуу эс алуу жайына айланат. Айтматов райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы жаңы инфраструктуралык чечимдерди колдонуу менен, райондук чөйрөнү жакшыртууга багытталган иштерди мындан ары да улантат.