Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Шаар куруу жана архитектура департаментинин Кызыл-Кыя шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчылыгына жаңы жетекчи дайындалды.
Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси Нурсултан Сатыбалдиев Кызыл-Кыя шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жалпы жааматына жаңы дайындалган жетекчи Эрлан Абдыкалык уулуну жеринен тааныштырды.