Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Нарын районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облустук архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы № 56 «Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткарууда, Нарын районунун аймагындагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун тилкесинде мыйзамсыз орнотулган көрнөк жарнактарды жана соода сатык түйүндөрүнүн тосмолорун демантаждоо иштери жүргузүлүүдө.