Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсү менен Нурматов көчөлөрүнүн кесилишиндеги айланманы реконструкциялоо менен жол жээктерин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча эскиз долбоору иштелип чыкты.

Эскиз долбоору, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик Министрлигинин Шаар куруу жана архитектура департаменитине караштуу Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан даярдалып, жергиликтүү бийликке сунушталды.