Ош шаардык Кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы №232 сандуу токтому менен “Ош шаарындагы имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшү, маалыматтык-жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштыруу жана эксплуатациялоо эрежелери” же Ош шаарынын “Дизайн-Коду” жөнүндө эреже кабыл алынган.

Аталган эреже шаар аймагындагы эскилиги жетип башаламан абалда жайгашкан ирээтсиз ар кандай багыттагы коммерциялык жана коммерциялык эмес объектилерди заман талабына ылайык шаар мейкиндигинин талаптарына туура келген абалга алып келет жана жөнгө салат.

Бүгүнкү күндө, Ош шаарынын инфратүзүмүн жакшыртуу жана жолдодорду кеңейтүү, объектилерди ар тараптуу ирээтке келтирүү жаатында бир топ тазалоо, бузуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Бузулуп алынгандан кийин же сырткы көрүнүшү эскилиги жетип талапка жооп бербеген объектилерди оңдоп түзөө боюнча, Дизайн-Код эрежесинин негизинде үлгү долбоору иштелип чыгып атайын QR-код менен белгиленди.

Шаар тургундары турак үйлөрүн, көп кабаттуу имараттарын, коммерциялык жайларын ж.б.у.с. объектилерин төмөндө көргөзүлгөн долбоорго ылайык оңдоп-түзөөсү жана сырдоосу шарт экендигин маалымдайбыз.

Эскертүү, өзү билемдик аракет менен оңдоп-түзөө же сырдоо иштерин алып барбоого чакырабыз.

Эгерде шаар тургундарында түшүнбөгөн учурлар жаралса Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына кайрылса болот.