Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору З.А. Кангельдиева жана КР Мамкурулушунун Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун (ГИССИП) директору К.Канболотов Өзбекстан Республикасынын Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин алдындагы техникалык ченемдөө жана стандартташтыруу илимий-изилдөө институтунун (ТЧжСИИИ) чакыруусу боюнча, Корея курулуш–техникалык институту (ККТИ) менен биргеликте 30-апрелде шаар куруу ченемдерин жана эрежелерин эл аралык талаптарга ылайык модернизациялоо боюнча эл аралык семинарга катышышты.

Семинардын жүрүшүндө Корея курулуш техникалык институтунун, Өзбекстан Республикасынын Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин алдындагы техникалык нормалоо жана стандартташтыруу илимий изилдөө институтунун, Кыргыз Республикасынын Архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана долбоорлоо мамлекеттик институтунун адистери презентациялары менен чыгып сүйлөштү.

Презентацияларда ККТИ менен ТЧжСИИИ биргеликте ар кандай шарттар жана багыттар боюнча кодировкалоо аркылуу интеграциялоо жолу менен ӨР курулуш ченемдерин модернизациялоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралары айтылды.

ККТИ тарабынан 2045-жылга чейинки Сеул шаарын куруунун планы, аймактарды тыгыздоо жана акылдуу шаар тутумун киргизүү маселелери презентацияланды.
КР Мамкурулушунун ТЧжСИИИ тарабынан КР КЧ 20-02:2024 Жер титирөөгө туруктуу курулуш, Бишкек шаарынын аймагында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоо жана куруу бөлүгүндө долбоорлоо ченемдери жөнүндө курулуш ченемдерин актуалдаштыруу тууралуу материал презентацияланды.
Монолиттүү имараттар үчүн кабаттуулугун жогорулатуу менен эсептик эң жогорку ылдамдатууну (PGAI) колдонуу, ошондой эле имараттын конструкциясын ЛСТКдан лабораториялык сыноо.

Ошондой эле, семинарга Азербайжан Республикасынын профилдик институттарынын жана Казакстан Республикасынын комитетинин адистери катышышты.
ТЧжСИИИ имаратында өзүнчө жолугушуу болуп өттү, анда көтөрүлүп жаткан маселелер боюнча кызматташуу сунуштары менен алмашышты.