Данияр Бапышов Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бүгүн, 21-январында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жаңы дайындалган директорду департаменттин эмгек жамаатына тааныштырып, кызматтык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.
Данияр Бапышов билими боюнча архитектор жана информатик. Ал 2007-жылдан бери архитектура тармагында эмгектенип келет. Буга чейин Шаар куруу жана архитектура департаментинин директорунун орун басары кызматын ээлеген.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Замира Кангельдиева аркалап келген жана жазган арызынын негизинде кызматтан бошотулган.
