Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору Замира Кангельдиева жана директордун орун басары Самат Иштыбаев Талас облусуна жумушчу сапар менен барды.
Жумушчу сапардын жүрүшүндө жогоруда аталган департаменттин директору жана анын орун басары тарабынан Талас регионалдык, Талас райондук, Бакай жана Манас райондорунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыктарынын жалпы ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүлдү.
Тактап айтканда аталган башкармалыктардын Дизайн Код, борбордук көчолөрдүн иреттелүүсү, архитекторлор тарабынан иштелип чыккан эскиздик долбоорлор жана Шаар куруу корутундусу боюнча жүргүзүлүп жаткан ишмердүүүлүк жеринен каралып башкармалыктардын жалпы кызматкерлери менен бир нече маселелер талкууланып, пикирлер айтылды.