Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун борборунда өткөн Жаңгак фестивалынын жүрүшүндө Арстанбап айылынын туризм тармагын өнүктүрүү жана инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча жаңы долбоорлордун алкагында атайын делегациянын жыйыны болуп өттү.
Бул жыйынга Жалал-Абад облусунун ыйгарымдуу өкүлү, Базар-Коргон районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, токой чарбаларынын директорлору, жана башка жергиликтүү мекемелердин жетекчилери катышты. Алар Арстанбап айлынын борборун туристтер үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттар менен камсыз кылуу боюнча сунуштарды жана долбоорлорду талкуулашты.
Арстанбап айылында кышкы лыжа базасын куруу жана бардык сезонго ылайык туристтерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон инфраструктураны түзүү планы каралды. Мындан тышкары, аймакта суу коргоо зонасында жайгашкан обьектилерди жаңыртуу боюнча сунуштар кабыл алынып, эки тараптуу заманбап жол куруу, тунку жарыктандыруу жана вело жолдорду түзүү боюнча долбоорлор дагы бекитилди.
Жалал-Абад облусунун аймагынын тарыхый жана маданий мурасын сактоо жана өнүктүрүү максатында, Арстанбап-ата кумбозун реставрациялоо иштери да пландалып, аймактын эскиздик өнүктүрүү планы бекитилди. Бул кадам аймактагы туризм инфраструктурасын жаңылоо жана аймактын мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлге чыгаруу үчүн маанилүү кадам болуп саналат.