Кыргыз Республикасынын Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ынтымак айыл аймагындагы Жаны-Арык айылында жайгашкан «Мурас» социалдык шаарчасынын курулуш долбоорунун биринчи этабы иштелип чыкты.

Бул долбоор Ынтымак айыл өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча иштелип чыгып, 5 кабаттуу турак жайлар, социалдык жана маданий объекттер, ошондой эле спорттук комплекс менен мектептин курулушун камтыйт. Долбоордун негизги максаты – айыл тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана инфраструктураны жакшыртуу.

Долбоордун максаты жана милдеттери

Бул долбоор жашоо, эмгек жана эс алуу үчүн заманбап, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле айылдын инфраструктурасын модернизациялоого багытталган. Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана шаар куруу нормаларына ылайык ишке ашырылат.

Долбоордун негизги өзгөчөлүктөрү

  1. Орду: Жаны-Арык айылынын түштүк-чыгыш бөлүгүндө, Бишкек–Ош магистралдык жолунун боюнда.
  2. Функционалдык зоналар:
    1. Түндүк бөлүк: мектеп, балдар бакчасы жана спорттук объекттер.
    2. Борбордук бөлүк: административдик, маданий жана соода объекттери, эс алуу аймактары.
    3. Түштүк бөлүк: турак жайлар жана жашылдандырылган аянттар.
  3. Долбоорлоочу аянттын жалпы көлөмү: 10,7 га.
  4. Калктын саны: 628 киши.
  5. Жалпы турак жай аянты: 11 307 м².
  6. Унаа токтотуучу жайлар: 227 коноктук жана 200 жер төлөдөгү орундар.

Долбоордун алкагында аянттарды жашылдандыруу, инфраструктураны жакшыртуу жана коопсуз жол тармагын түзүү пландаштырылган. Жаңы курулушту айылдын азыркы курулушу менен байланыштыруу үчүн негизги жана кошумча жолдорду куруу каралган.

Долбоордун социалдык мааниси

«Мурас» шаарчасынын курулуш долбоору айылдагы социалдык жана турак жай инфраструктурасын өнүктүрүүдө чоң роль ойнойт. Долбоор жарандарды заманбап турак жай жана коомдук объекттер менен камсыздап, айылдын өнүгүүсүнө түрткү берет.

Жакынкы күндөрү долбоорду аймактык архитектура жана шаар куруу кеңеши карап чыгып, бекитүүгө сунушталат.

Толугу менен *.pdf форматта