Ош региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы Инвентаризациялоо иштерин жыйынтыгы менен жалпысынан 270 жол боюндагы жарнамалык калканчаларды такталып анын ичинен 213 демонтаждоо иштерин жүргүздү. Көрнөк жарнактарды жолдордун жана калктуу конуштардын эстетикалык көрүнүшү үчүн, ошондой эле архитектуралык жана шаар куруу ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү объекттерге уруксат берүүчү документтердин болушун аныктоо үчүн текшерүүлөр жүргүзүлдү.
Жол боюндагы объектилер башаламан жайгашканы, сырткы көрүнүштөрү начар абалда экени аныкталган. Объектилер шаар куруу жана архитектуралык талаптарга жооп бербеген жана көптөгөн объектилердин архитектуралык-шаар куруу иши чөйрөсүндөгү архитектуралык уруксат берүүчү документтери жок экендиги такталып, демонтаждоо иштери уланууда.
2024-жылдын 12-августуна карата облустун аймактарында 213 даана алынды.
- Чоң-Алай районунда 29 (61 кичи жарнамалык тактайчалар)
- Өзгөн районунда 49
- Кара-Кулжа районунда 22
- Алай районунда 11
- Кара-Суу районунда 25
- Кара-Суу шаары 45
- Араван 17
- Ноокат 15