Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы авто токтомо жана жол тыгын маселесин азайтуу максатында көп кабаттуу унаа токтомонун эскиз долбоорун даярдап, жергиликтүү бийликке сунуштады.
Долбоордо авто токтомо 150 орунга ылайыкташкан.
Тактап айтсак:
– жалпы 9 кабат.
– анын ичинде жер алдында 2 кабат авто токтомо.
– жер үстүндө 5 кабат токтомо.
– үстүңкү 2 кабат коммерциялык жай үчүн каралган.
Мындай авто токтомолорду куруу учурдун негизги талаптарынын бири.