Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” № 56 Жарлыгын аткарууга алуу максатында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 27.03.2023-жылдагы № 14/80 сандуу буйрунун негизинде түзүлгөн иш чаранын аткарылышы боюнча, Ноокат районун аралап өткөн эл аралык жана мамлекеттик маанидеги автоунаа жолдорунун жээгиндеги ар кандай багыттагы куруулуштарга иш кагаз берүүдө Кыргыз Республикасынын шаар куруу документери чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык күчөтүлгөн тартипте каралып. Учурда Ош-Баткен-Раззаков эл аралык мамлекеттик маанидеги маанидеги автоуна жолунунун Ноокат районун аралап өткөн айыл аймактардагы жол жээгинде ар кандай багыттагы женил типтеги жана капиталдык курулуштар буздурулууда. Мындан сырткары сырткы көрүнүштөрүн фасадарын ондоп түзөөдө заман талабына жараша болуусу үчүн эскиздик долбоорлор жасалып жергиликтүү ишкерлерге сунуштар жана түшүндурүү иштери жургүзүлүүдө.