Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин демилгеси менен 2025-жылдын мыкты долбоолору аныкталды. Сынакка бардык облустардан келген регионалдык башкармалыктардын архитекторлору тарабынан иштелип чыккан 23 долбоор катышты.
Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлдү:
“Мыкты долбоор – социалдык объекттер”
“Мыкты долбоор -аймакты көрктөндүрүү”
“Мыкты шаар куруу долбоору”
“Мыкты концептуалдуу чечим”
Атайын түзүлгөн комиссияга департаменттин директору Данияр Бапышев баштаган атайын топ түзүлүп, долбоорлорду терең талдап, мыктыларын аныктады.
Негизги жыйынтыктар:
“Мыкты социалдык объект” номинациясы – Таластагы “Баластан” оюн-зоок борборунун авторлоруна тапшырылды. Топтун жетекчиси: Д.Т. Ураанов, ГАП: У. Азимканов, архитекторлор: К. Арстанбеков, Н. Зарылбеков, Тилек уулу Бакыт.
“Мыкты долбоор – аймакты көрктөндүрүү” номинациясы – Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гавриловский айыл аймагы үчүн иштелип чыккан парктын автору Б.Е. Емильбековго берилди.
“Мыкты шаар куруу долбоору”– Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаары үчүн иштелип чыккан башкы план эсептелди. Иштеп чыккан архитекторлор: Ж. Уркалиев, архитекторлор: А. Темирбеков, А. Абдуллаев, С. Акылбеков, Ж. Кольбаева.
“Мыкты концептуалдуу чечим” номинациясы – “Экологиялык таза Кемин-Сити” аймакты деталдуу пландаштыруу долбоорунун авторлоруна тапшырылды. Иштеп чыккан архитекторлор: С.Т. Туменбаев, архитекторлор: С. Байсенов, Б. Турдубеков, Карлыгач Замирбек кызы.
Мындан сырткары аталган номинациялар боюнча II жана III орундар да аныкталып, активдүү катышуучуларга грамоталар берилди.
Сынактын максаты – жыл ичинде иштелип чыккан долбоорлордун сапатын жогорулатуу, архитекторлордун чыгармачылык активдүүлүгүн стимулдаштыруу жана региондордо мыкты архитектуралык практиканы илгерилетүү.
Министрлик бардык катышуучуларга жана жеңүүчүлөргө ыраазычылык билдирет жана 2026-жылга дагы мыкты долбоорлорду күтөт.