Шабданов Нурбек Шабданович Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Майлуу-Суу шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койду.
Жалал-Абад региондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси Дастан Кадыров жаңы дайындалган начальникти башкармалыктын эмгек жамаатына тааныштырып, анын кызматтык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.
Нурбек Шабданов буга чейин Майлуу-Суу шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматын аркалаган.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Одилжан уулу Курстанбек аркалап келген жана жазган арызынын негизинде кызматтан бошотулду.
