Бишкектин тургундары жана коноктору үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр: жөө жүрүүчүлөр үчүн мейкиндиктерди көрктөндүрүү долбоору. Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев БААУнун урбанистика багытындагы профессору Эмил Насритдинов менен биргеликте борбор калаанын жашоочулары жана коноктору үчүн жөө жүрүүчү мейкиндиктерди уюштуруу боюнча бир нече жаңы долбоорлорду талкуулашты. Алсак, Ала-Арча суусунун жээгин бойлой сейил бак зонасын түзүү сунушталды. Эскиздик долбоорго жана композициялык схемага ылайык, пландаштырылган участокто амфитеатр, коомдук искусство, воркаут зонасы, балдардын оюн аянтчасы, ошондой эле негизги сейилдөөчү жолду жана дарыяга түшүүнү уюштуруу каралат. Ошондой эле, Бишкектин башкы архитектору Бишкектин түштүк бөлүгүн жашылдандыруу жана жөө жүрүүчүлөр үчүн мейкиндик түзүү планынын долбоорун талкуулады. Урмат Карыбаев профессорго КР Курулуш министрлигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаментинин “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси тарабынан мындай долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн уруксат берүүчү документтерди даярдоодо колдоо көрсөтүлөөрүн айтты. Бишкектин башкы архитектору келечектеги сейил бакты курууда заманбап ыкмаларды колдонууга чакырды.