Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар курулуш объектилериндеги иштин жүрүшү менен таанышты.
Алардын бири Жалал-Абад облусуна караштуу Манас шаарынын Ж.Абдурахманов көчөсү 6/2 дарегинде курулуп жаткан Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы административдик имараты болуп саналат.
Министр башкармалыктын кызматкерлери менен жолугуп, жаңы имарат жакынкы убакытта пайдаланууга берилерин жана аймакты өнүктүрүүдө архитекторлордун ролу маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле аймактын инфраструктурасын өнүктүрүүдө архитектура башкармалыктарынын имараттары үлгү болушу зарыл экенин айтты.
Долбоорго ылайык, заманбап стандарттарга ылайык курулуп жаткан имаратта кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, жарандарга жеткиликтүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүү камсыздалат. Имараттын жалпы аянты 1000 чарчы метр, 3 кабаттан турат. Курулуш иштери 2025-жылдын октябрь айында башталган.
Белгилей кетсек, буга чейин башкармалыктын имараты эскилиги жетип, тар болгондугуна байланыштуу кызматкерлер батпай ыңгайсыз шартта иштеп келген. Ал эми жаңы административдик имарат мамлекеттик бюджеттин эсебинен эмес, министрликтин ички ресурстарынын негизинде курулууда.
