Кадыров Дастан Максатович Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Жалал-Абад региондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.
 
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койду.
Бүгүн, 17-февралда Курулуш министринин биринчи орун басары Самат Джантелиев жаңы дайындалган начальникти башкармалыктын эмгек жамаатына тааныштырып, анын кызматтык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.
 
Дастан Кадыров буга чейин “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин Биринчи май райондук архиекторлор бөлүмүнүн башкы архитоктору кызматын аркалаган.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Бакытбек Байжигитов аркалап келген жана жазган арызынын негизинде кызматтан бошотулду.

637456880_1416870329912012_5299237942369942320_n

Image 2 of 6