Тыныбеков Адис Маратович Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Жумгал райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койду.
Нарын регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси Азамат Калыков жаңы дайындалган начальникти башкармалыктын эмгек жамаатына тааныштырып, анын кызматтык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.
Адис Тыныбеков буга чейин Жумгал райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын Топография бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Акылбеков Мырзабек Рахатбекович аркалап келген жана жазган арызынын негизинде кызматтан бошотулду.
