Азамат Абдибакы уулу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Кызыл-Кыя шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койду.

Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальниги Нурсултан Сатыбалдиев жаңы дайындалган жетекчини башкармалыктын эмгек жамаатына тааныштырып, анын кызматтык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.

Азамат Абдибакы уулу буга чейин аталган башкармалыктын Кызыл-Кыя шаарынын Шаар куруу корутундуларын жана макулдашууларды берүү бөлүмүнун башкы адиси кызматын аркалап келген.