Кадыкеев Тилек Жекшенбаевич Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Бүгүн, 7-июлда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жаңы дайындалган директорду департаменттин эмгек жамаатына тааныштырып, кызматтык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.

Тилек Кадыкеев көп жылдык тажрыйбасы бар куруучу, буга чейин министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директорунун орун басары кызматын аркалап келген.

no images were found