КР Мамкурулуш агенттигинин Шаар куруу жана архитектура департаментине караштуу Нарын районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Учкун айыл өкмөтүнүн буйрутмасы боюнча, көптөн бери каралбай калган Куланак айылынын А.Орозакунов атындагы борбордук паркынын долбоор жана смета документациялары иштелип чыкты.
Парктын жалпы жер аянты 0,63 га. Парктын ичинде бассейн, сахна, 1941-1945 Ата-мекендик согушунун ардагерлеринин эстелиги, балдар ойноочу площадка, чуркоо жолу, тунку жарыктандыруу, воркаут, шахмат аянты ж.б. объекттер жайгашат.