Кыргыз Республикасынын Мамкурулуш агенттиги Кытай Эл Республикасынын өкүлдөрү менен Кыргызстанда газобетон блокторун чыгаруучу заводдун курулушу боюнча жолугушуу өткөрдү.
2024-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (Мамкурулуш) Кытай Эл Республикасынан келген Huarui компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстанда газобетон блокторун чыгаруучу заводду куруу маселелери талкууланды.
Бул долбоордун максаты Бишкектин жана анын айланасындагы райондордун курулуш рыногунун керектөөлөрүн канааттандыруу, жергиликтүү курулуш материалдарынын өнөр жайын модернизациялоого жана туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү үчүн ACC газ блокторун чыгаруучу линияны орнотуу болуп саналат.
Тараптар заводдун курулушун пландаштыруудан тарта коопсуздукту камсыздоого жана экологиялык нормаларды эске алууга чейинки бир катар техникалык маселелерди талкуулашты.