Мамкурулуш агенттигинин директору Н.К. Орунтаевдин протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында Шаар куруу жана архитектура департаментинин (мындан ары – Департамент) регионалдык жана аймактык башкармалыктары тарабынан Кыргыз Республикасынын калктуу пункттарынын борбордук көчөлөрүнө жанаша жайгашкан имараттардын жарнамалык конструкцияларын жана фасаддарынын тышкы көрүнүштөрүн иретке келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрында Департаменттин директору 3. Кангельдиеванын төрагалыгы алдында жумушчу отурум өткөрүлүп, ага аталган багытта жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча Департаменттин регионалдык башкармалыктарынын начальнигиктери катышкан.
Жумушчу отурумдун жүрүшүндө «Бишкекбашархитектура» МБ тарабынан Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы №134 «Бишкек шаарынын территориясындагы имараттар менен курулмаларга маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелерин, ошондой эле фасаддарынын тышкы көрүнүшү боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө» Токтомун жүзөгө ашыруу боюнча презентация көрсөтүлдү. Бул өңдүү Эрежелер Ош, Чүй жана Ысык-Көл облусунун айрым калктуу пункттарына бекитилген. Ош шаары боюнча – Раимбеков көчөсү; Баткен шаары боюнча – Жусупов көч, Сыдыков көч; Раззаков шаары боюнча – Раззаков көч; Кызыл-Кыя шаары боюнча Ленин көч, Султанов көч; Нарын шаары боюнча – Ленин көчөсү өңдүү борбордук көчөлөрдүн дизайн-коду боюнча долбоордук сунуштар көрсөтүлдү.
Отурумдун жыйынтыгында бул багытта дагы иштерди улантуу, аймактарды зоналаштыруу, имараттардын фасаддарын паспорттоштуруу, калктуу пункттарын борбордук көчөлөрүнүн долбоорлорун иштеп чыгуу жана кийинки отурумда көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алынды.