Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай- коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаментинин тапшырмасы боюнча, “Бишкекбашкыархитектура” ММнын өкүлдөрү Шаар куруу жана архитектура департаментинин Жалал- Абад жана Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыктарындагы кесиптештерине Бишкекте дизайн-код эрежелерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жөнүндө окутуу семинарын өткөрүштү.

Долбоорлорду макулдашуу бөлүмүнүн адиси Рысбек уулу Сыймык архитекторлорго Бишкекте бул эрежелерди ишке ашырууда кандай көйгөйлөр жаралганын жана татаал кырдаалдардан кантип чыгуунун жолун түшүндүрдү. Албетте, ар бир региондун өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар, ошондуктан талкууда архитектуранын жана жашоочулардын муктаждыктары, ошондой эле мезгилдин талаптары эске алынды.

Өз кезегинде, Жалал-Абад жана Баткендин архитекторлору өз аймактарынын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатканын жана дизайн-код боюнча оң өзгөрүүлөргө даяр экенин айтышты.

Жолугушуунун аягында “Бишкекбашкыархитектура” ММнын өкүлдөрү, сырткы жарнаманы жайгаштыруу жана күтүү тартиби жөнүндө өз жоболорун даярдоодо кесипкөй кеңештерди берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.