Кыргыз Республикасында акыркы жылдары Дизайн-код деген түшүнүк пайда болуп, бүгүнкү күндө иш жүзүндө тиешелүү эреже-ченемдер жазылып иш жүзүнө ашууда.

“Дизайн-код” – имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшү жана маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштыруу жана
эксплуатациялоо эрежелери” .

Ош шаарында дизайн-коддун эреже-ченемдери жергиликтүү Кеңеш тарабынан кабыл алынып, аны ишке ашыруу аракеттери турат.

Жаңы кирген эреже-ченем боюнча алгылыктуу иш алып баруу үчүн, Бишкек шаарынын архитектура кызматынын адистери келип Ош шаарында окуу-семинар өткөрүштү.

Окуу-семинарга, Ош облусунун баардык архитектура кызматынын башчылары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана сырткы көрнөк-жарнак жаатында ишкерлик кылган тараптар катышты.

Жакынкы күндөрдө, ар бир райондук аймактын дизайн-код эреже-ченемдерин бекитүү жана аны ишке ашыруу боюнча тапшырмалар Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан берилген.