Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун базасында КР Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаменти (мындан ары – Департамент) түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-майындагы №241 токтому менен бекитилген.
Департамент административдик-башкаруу персоналынан, 14 негизги бөлүнүштөрдөн (бөлүмдөрдөн), Департаменттин Ош жана Ысык-Көл облустары боюнча эки өкүлчүлүгүнөн турат жана кызматкерлердин иш жүзүндөгү саны 104 түзөт.
Ошондой эле, Департаменттин функциясына аймактык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыктарынын ишин координациялоо кирет.
2023-жылда жалпы 31 башкы план иштелип чыкты, 2024-жылдын жыйынтыгы менен 131 калктуу конуштун башкы пландары иштелип чыкты, башкача айтканда 2023-жылга караганда 121 башкы план көбүрөөк иштелип чыкты.
Баары болуп, 2024-жылдын 12 айында 131 башкы план иштелип чыгып жана жергиликтүү кеңештердин сессияларында бекитилди:
Чүй облусу боюнча: 6 башкы план;
Ош облусу боюнча: 33 башкы план;
Нарын облусу боюнча: 16 башкы план;
Жалал-Абад облусу боюнча: 25 башкы план;
Баткен облусу боюнча: 35 башкы план;
Ысык-Көл облусу боюнча: 7 башкы план;
Талас облусу боюнча: 9 башкы план.