Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору З.А. Кангельдиева КР Архитекторлор союзунун жана Кыргызстандын долбоорлоочуларынын ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жолугушуусун өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын шаар куруу кеңешинин ишмердүүлүгүнө тиешелүү бир катар актуалдуу маселелер көтөрүлүп, архитекторлор тарабынан ачык архитектуралык-шаар куруу конкурстарын өткөрүү, сертификациялоо жана архитектуралык долбоорлоодо баа түзүү боюнча дагы маселер менен сунуштар айтылды.
Жыйындын соңунда бул өңдүү жолугушууларды такай негизде өткөрүп туруу боюнча чечим кабыл алынгандыгын, ал эми Департамент жолугушуунун жүрүшүндө айтылган сунуштар боюнча тиешелүү жоболорду иштеп чыгып, белгиленген тартипте беките тургандыгын белгилей кетмекчибиз.