2025-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин кызматкерлерине коррупцияга каршы күрөшүү боюнча окуу маалыматтык жыйын өткөрүлдү.
Аталган жыйынга Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору З.А Кангельдиева жанан анын орун басары С.М Иштыбаев жана баардык адистер катышып, регионалдык жана территориалдык архитектура башкармалыктарына онлайн катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Маалыматтык жыйында агенттиктин Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Алмаз Алимбеков өткөрүп, коррупцияга каршы чаралар жана мыйзам долбоорлорунун акыркы өзгөртүүлөрүн ачыктап берди. Ал ошондой эле коррупциянын кесепеттерин жана алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө кенен маалымат берди.