КР Мамкурулуш агенттигинин Шаар куруу жана архитектура департаментине караштуу Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын алдындагы Москва районунун архитекторлору тарабынан Беловодск айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан сквердин эскиздик долбоору иштелип чыкты.

Каралып жаткан жер тилкенинин болжолдуу аянты 0,24ганы тузот. Аталган долбоордун максаты: Беловодск айылына балдар жана спорт аянтчасын уюштуруу, көрктөндүрүү жана жышылдандыруу, калктын эс алуусуна, ошондой эле сейилдеп басуусуна ыңгайлуулук түзүү максатында иштелип чыгып, жергиликтүү бийлик
өкүлдөрүнө сунушталды.