Кеңешме Нарын регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан уюштурулуп Шаар куруу жана архитектура департаментинин өкүлдөрү тарабынан өткөрүлдү. Кеңешмеге КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Нарын шаарынын вице мери, архитекторлор жана Нарын шаарынын Архитектуралык-шаар куруу кеңешмесинин жобосунда бекитилген мүчөлөрү толук катышты.

Кеңешмеде төмөнкү суроо каралды:
Ленин көчөсү 97/1 дарегинде жайгашкан 1.6 га жер аянтын өзгөчө зонасынан көп кабаттуу турак жайларды куруу зонасына которуу.

Кеңешменин катышуучулары тарабынан кызуу талкууланып жана берилген суроолоруна тиешелүү жоопторун алышты.