Кыргыз Респуликасынын Министирлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 16-январындагы №7 буйругунун негизинде Шаар куруу жана архитектура департаментинин Араван районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Э.Аматовдун жетекчилигинин алдында жергиликтүү тургундарга дизайн-код боюнча жыйын уюштурулуш түшүндүрүүлөр жүргүзүлдү. Аталган жыйынга Араван районунун аймагындагы айыл өкмөттөрдүн адистери жана жеке ишкерлер катышты.