Манас районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгында техникалык кеңешме болуп өттү. Иш-чарага Талас регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жетекчиси Уметалы Алыбаев, ошондой эле Талас, Бакай-Ата, Айтматов жана Манас райондорунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыктарынын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө объекттерди долбоорлоодо архитектуралык-шаар куруу жана архитектуралык-техникалык корутундуларды иштеп чыгуу процессин жакшыртуу, анын натыйжалуулугун арттыруу маселелери талкууланды.

Ошондой эле, шаар куруу жана архитектура тармагындагы ишмердүүлүктү өркүндөтүү максатында, башкармалыктардын топограф адистери республикабыздын башка аймактарынан үйрөнүп келген жаңы тажрыйбалары жана көндүмдөрү менен бөлүштү.

Бул кеңешме аймактагы шаар куруу жана архитектура жаатындагы ишмердүүлүктү жакшыртуу, заманбап методдорду өздөштүрүү жана өз ара тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болду.