Шааркуруу жана архитектура департаментинин Кара-Суу райондук шааркуруу жана архитектра боюнча башкармалыгы, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери жана Мады айыл аймагынын өкүлдөрү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы № 56 “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданын) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткарууда, ошондой эле курулуштардын мыйзамдуулугун аныктоо жана мыйзамсыз курулуштарды алдын алуу максатында Ош-Алай унаа жолунун боюнда тактап айтканда Мады айылында объектилерди ирээтке келтирүү иштерин улантууда
(мыйзамсыз курулуштарды бузууда)