Ош шаарынын Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан (Черёмушки мкр) эскилиги жеткен эки кабаттуу көп батирден турган үйлөрдүн сырткы көрүнүштөрүн оңдоп-түзөө жана жол жээктерин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча эскиз долбоору иштелип чыкты.

Эскиз долбоору, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик Министрлигинин Шаар куруу жана архитектура департаменитине караштуу Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан даярдалып, жергиликтүү бийликке сунушталды.