Кыргыз Республикасынын Архитектура Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба Министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Сузак районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан “Сузак Ордо” соода түйүнүнүн эскиздик долбоору иштелип чыкты.
Сузак районунун Сузак айылынын борборунда жайгашкан 1,3 гектар аянттагы Жума базарды реконструкциялоо боюнча долбоордун алкагында курулуш иштеринин башталышы маалымдалат. Күрөө келишимдеринин негизинде, азыркы учурда ар түрдүү соода сатык дүкөндөрү бузулуп, анын ордуна заманбап соода борборлору, кафе, оюн- зоок борборлору жана башка социалдык мааниге ээ объекттердин курулушу үчүн эскиз долбоору даярдалды.
Сузак району жана аймактагы жашоочулар үчүн бул долбоордун мааниси чоң. Жаңы объекттердин курулушу жумуш орундарынын түзүлүшүнө жана аймактык экономиканын өскөндүгүнө алып келет. Ал ошондой эле тургундарга жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүү үчүн заманбап шарттарды түзөт