Кеңешмеге Шаар куруу жана архитектура департаментинин 1-өнөр каанасынын кызматкерлери, Ош шаардык жергиликтүү Кеңешинин депутаты, Ош шаарынын мэриясынын, шаардык тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү, департаментин аймактык түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана көз карандысыз архитекторлор катышты.
Кеңешмеде, төмөндөгү долбоорлор каралып, долбоорлорду иштеп чыккан департаменттин 1-өнөр каанасынын кызматкерлери баяндама жасады.
1. Ош шаарынын Турсунбаева көчөсүнө Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотека ишканасы тарабынан пландалып жаткан көп батирлүү турак жайларды куруу. Долбоор Турсунбаева көчөсү, Увам каналы, жана долбоорлонуучу көчөлөр менен чектешкен аймактын курулуш долбоорун кароо (стадия: проект застройки).
2. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотека ишканасы жана “Бизнес Хаус КГ” ЖЧКсы – Ош шаарынын Ленин көчөсү жергиликтүү жол жана Өзбек каналы менен чектешкен аймактын курулуш долбоорунун бекитүү (стадия: проект застройки I-этап, кайрадан кароого).
3. “Пример ЛТД” ЖЧКсы – Ош шаарынын Ы. Монуев, Турсунбаева көчөлөрү жана Увам каналы, жергиликтүү жолдор менен чектешкен аймактын курулуш долбоорун бекитүү. (стадия: проект застройки 1-этап).
4. “Сулайман групп” ЖЧКсы – Ош шаарынын Абдыкадыров, Волгоград, долбоорлонуучу көчө жана жергиликтүү жолдор менен чектешкен аймактын курулуш долбооруна өзгөртүү киргизүү боюнча иштелип чыккан шифр №857-01/2024 сандуу долбоорунун бекитүү (1-стадия. курулуш долбоор кайрадан кароого).
5. “Бийиктик курулуш” ЖЧКсы – Ош шаарынын Шамшиев, Бобулов, Өзгөн жана Тилеке-Баатыр көчөлөрү менен чектелген аймакка иштелип чыккан шифр №882-01/2024 сандуу курулуш долбоорун бекитүү (1-стадия. курулуш долбоор кайрадан кароого.)