Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ысык-Кол регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын алдындагы Тон райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы
Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун 2023-жылдын 14-мартындагы №56 “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында,
Кун-Чыгыш айыл аймагына караштуу Боконбаев айылындагы кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштар жана тосмолор аныкталды.
Жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам талаптарын сактоо боюнча тийиштүү эскертүүлөр берилди. Ошондой эле, кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштарды жана тосмолорду алдыруу иштери жүргүзүүдө.