Шаар куруу жана архитектура департаментинде техникалык кеңешменин жыйыны болуп өттү. Жыйындын алкагында Кыргыз Республикасынын аймагындагы долбоорлоо жана курулуш боюнча маанилүү маселелер каралды.
Кеңешменин күн тартибине төмөнкү долбоорлор кирди:
Чолпон-Ата шаарында (курорттук-рекреациялык зона) жайгаша турган апарт-отелдин долбоорлоо жана курулушу;
Жукеев-Пудовкин, Матросов, Карасаев жана Медеров көчөлөрү менен чектелген кварталдын курулуш долбоору (1-этабы);
Каракол шаарындагы Кучуков, Боронбай хан, долбоордук жол жана Карасаев көчөлөрү менен чектелген аймактын курулушу (кайрадан каралды);
Бостери айылында жеке менчик аймакта курулуучу 6 кабаттуу апартаменттик комплекстин долбоору (СКБ менен жана пайдаланууга берилүүчү чатыры менен);
Батыш, ЗБЧК, Ворошилов көчөлөрү жана жергиликтүү өтмөк менен чектелген аймактагы курулуш долбоору. М 1:1000;
Кожомбердиев жана Кырбашев көчөлөрү менен чектелген аймактын курулуш долбоору;
Кара-Балта шаарындагы 8-Март, Садовая, Чернышевский жана Московская көчөлөрү менен чектелген аймактын курулушу;
Ч. Айтматов проспекти, Ахунбаев, Бакаев жана Сухамлинов көчөлөрү менен чектелген кварталдын курулуш долбоору;
Джал микрорайону – Ахунбаев, Тыныстанов, Садырбаев жана Масалиев көчөлөрү менен чектелген аймактын курулушу;
Скрябин, р. Ала-Арча, Ахунбаев жана Байти-Баатыр көчөлөрү менен чектелген аймактагы курулуш долбоору;
Юнусалиев, Сухэ-Батор жана Каралаев көчөлөрү менен чектелген аймактагы курулуш долбоору;
Чкалов, Мичурин, Садовая, Загорская жана Школьная көчөлөрү менен чектелген курулуш долбоору;
Гагарин, Санжыра-Бекей, Кырк-Кыз, Каховская, Ак-Бата жана Аты жок көчөлөр менен чектелген аймактагы курулуш долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү (кайрадан каралды);
Кулатов, Ибраимов, Матросов жана Л. Толстой көчөлөрү менен чектелген аймактагы курулуш долбоору (1-этабы);
Чүй облусу, Ысык-Ата району, Ак-Кудук айыл аймагы, контур 444 дарегинде жайгашкан логистикалык борбор – көп функциялуу кампалар (муздаткыч кампалар, “А” класстагы кампалар), көзөмөл өткөрүү пункттары (КӨП), санитардык-тиричилик блоктору жана унаа токтотуучу жайлар менен;
Аламедин дарыясы, Жибек-Жолу проспекти жана Курманжан Датка көчөсү менен чектелген аймактагы курулуш долбоору (1-этабы);
Бишкек шаарынын Түштүк зонасындагы микрорайон жана кварталдардын курулуш долбоорлорун актуалдаштыруу (Бишкек шаарынын Түштүк зонасынын деталдык пландаштыруусунун негизинде).