Шаар куруу жана архитектура департаментинде техникалык кеңешменин жыйыны болуп өттү. Жыйындын алкагында Кыргыз Республикасынын аймагындагы долбоорлоо жана курулуш боюнча маанилүү маселелер каралды.

Кеңешменин күн тартибине төмөнкү долбоорлор кирди:

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Султан-Абад айылынын башкы планы;

  • Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Калинин айылынын башкы планы;

  • Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кайырма айылынын башкы планы;

  • Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жетикошкон айылынын башкы планы;

  • Ош облусунун Араван районуна караштуу Юсупов айыл аймагындагы Араван айылынын башкы планы;

  • Ош облусунун Араван районуна караштуу Достук айыл аймагындагы Араван айылынын башкы планы;

  • Ош облусунун Араван районуна караштуу Достук айыл аймагындагы Ачы айылынын башкы планы;

  • Ош облусунун Араван районуна караштуу Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылынын башкы планы;

  • Ош облусунун Араван районуна караштуу Достук айыл аймагындагы Жаңы-Араван айылынын башкы планы;

  • Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Бала-Чычкан айылынын башкы планы;

  • Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Арал айылынын башкы планы;

  • Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын башкы планы;

  • Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Кырк-Казык айылынын башкы планы;

  • Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын башкы планы;

  • Талас облусунун Манас районуна караштуу Семетей айыл аймагындагы Кара-Арча айылынын башкы планы (кайрадан);

  • Талас облусунун Манас районуна караштуу Семетей айыл аймагындагы Кайыңды айылынын башкы планы;

  • Талас облусунун Манас районуна караштуу Семетей айыл аймагындагы Арал айылынын башкы планы;

  • КРнын Эсеп палатасына караштуу «Тынчтык» ден соолукту чыңдоо борборунун курулуш долбоору, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда;

  • Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү завод куруу үчүн Кызыл-Орук айылынын түштүк тарабындагы жерди пландоо мүмкүнчүлүгү тууралуу долбоор.