КР Мамкурулуш агенттигинин Шаар куруу жана архитектура департаментине караштуу Мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан иштерил чыккан башкы пландык долбоорлор аталган институттун техникалык кеңешмесинде каралды.

Аталаган техникалык кеңешмеде төмөнкү маселелер каралды:

  1. Ош шаарынын Турсунбаев көчөлөрү, долбоордук жолу, Як-Калик каналы жана жергиликтүү өтмөктөр менен чектелген аймакты СКБ объектилери менен 9-16 кабаттуу турак жайларды жайгаштыруу үчүн өнүктүрүү долбоору.
  2. Бишкек шаарынын Ю.Фучик көчөсүн бойлото автобекет, базар жана турак жай зонасын жайгаштыруу менен көп функционалдуу шаарчаны өнүктүрүү долбоору.
  3. Бишкек шаарынын Волкова көчөсү менен Кустанайская көчөсүнүн кесилишиндеги аймакты өнүктүрүү долбоору (1-этап).
  4. Бишкек шаарынын Медерова, Шукурова, Суванбердиева жана Юнусалиев пр. көчөлөрү менен чектелген аймакты өнүктүрүү долбоору (1-этап).
  5. Башкы пландарды кароо: Бирдик айылы, Хунчи айылы – Ысык-Ата районундагы Кочкорбаев айыл өкмөтү, Искра айылы, Арал айылы – Чүй облусунун Чүй районундагы Биримдик айыл өкмөтү.
  6. Башкы пландарды кароо: Кара-Суу айылы, Казыбек айылы, Терек-Суу айылы, Баш-Кайыңды айылы, Бирлик айылы, Биринчи Май айылы, Талды-Суу айылы – Нарын облусунун Ат-Башы району.
  7. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Төш айылынын башкы планын кароо.

Техникалык кеңешменин жыйынтыгында иштелип чыккан башкы пландык долбоорлор боюнча кеңешменин мүчөлөрү тарабынан сын пикирлер айтылып, андан ары долбоорлоого сунуштар менен жактырылды.